28-январдан 2-февралга чейин мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн шайлоо болот. Бул тууралуу бүгүн 10-январда БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Болот Максутбаев билдирди. Маалыматка ылайык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрү КРнын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын милдедин аткаруучу катары 271 адамды дайындады.