Чүй облусунда жол тандабас унаа терең аңга түшүп кетип, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы Аламүдүн коктусунан “Теплые ключи” эс алуу аймагынан келе жаткан Тойота Сурф унаасы жолдон чыгып, терең аңга түшүп кеткен. Кырсыктын айынан унаадагы Нурайым аттуу 1994-жылы туулган жүргүнчү жаракат алып, "Тез жардам" аркылуу Аламүдүн райондук ооруканасына жеткирилген.