Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин каражаты менен Ош шаарына курулчу мектеп боюнча тендер өткөрүлбөгөнү айтылды. Мунун бүгүн, 19-майда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында депутат Акылбек Султанов билдирди.
Султанов: "Мектепти курууга казак президенти Нурсултан Назарбаев 5 миллион доллар бөлгөн. Тилекке каршы, тендер жарыяланбай туруп, кантип курулушун баштадыңар? Пайдубалынын түптөлүшүнө 33 миллион сом кайдан табылды?"- деп суроо салды.
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин өкүлү мектептин пайдубалы өкмөттүн жарлыгына ылайык, бөлүнгөн акчага курулганын айтты.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бул акчага шаардан 5 мектеп курса боло турганын айтып, депутаттардан мектептин курулушу боюнча кайрадан тендер өткөрүп берүүнү өтүндү.