Мамлекеттик кызматкерлердин 2013-жылкы кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу декларациясын жарыялоо уланууда. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бактыгүл Жээнбаева былтыр 1 миллион 526 334 сом киреше тапканын көрсөттү. Документке таянсак, Жээнбаева 200 чарчы метрлик жер тилкесине ээлик кылат. Үйү, автоунаасы тууралуу маалымат берген жок. Документте мамлекеттик кызматкердин жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу эч кандай маалымат көрсөтүлгөн эмес .