“Кызды өлтүрүп, денесин бөлүктөргө бөлүп салган” деп шектелген жарандын үйүнөн табылган куурулган эт эмненин эти экени аныкталбай калды” дейт Абдулда Суранчиев

“Кызды өлтүрүп, денесин бөлүктөргө бөлүп салган” деп шектелген жарандын үйүнөн табылган куурулган эт адамдыкы же жаныбардыкы экенин адистер аныктай албай коюшту” деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын ИИМинин башчысы Абдулда Суранчиев.

Анын айтымында, табылган эт эмненин эти экенин аныкташ үчүн эки медициналык экспертиза өткөрүлгөн. “Бирок ал өтө куурулуп калгандыктан, соттук-медициналык адистер муну аныктай албай коюшту”,- деди министр.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Бул факты боюнча шектелип 1987-жылы туулган Наиль Надиров кармалган. Ага карата "адам өлтүрүү" жана "өлгөн адамдын денесин мазактоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 17-апрелде анын иши сотко өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurgul-92
2014-05-19 18:11:59
Adamdyn eti kuuruptur dep oilp jatasynarby
0
aza_74
2014-05-19 20:32:52
анан соттун чечими кандай болду?
0
Biinura
2014-05-19 20:37:27
Это говорит о том,что у нас не хватает соответствующего оборудования для определения точности результата или судмедэксперты недоучились. Прошу прощения, если задела честь потомков Гиппократа.
+7
92nuraaly
2014-05-19 21:23:23
Ошол ишке барган адам озун кантип адам катарында алып журот болду экен. Мындайларды айбанга да тенебейт элем.
+3
aizulya
2014-05-20 10:31:22
ой кантип эле аныктай алышпайт?
0
nurru
2014-05-20 11:07:10
бир бечараны дагы камап койбогула куру жалаа кылып тактагыла баштап мен билем бул менттерди мойнуна алдырыш учун кандай гана жолдорго барбайт булар оз атасыны сатып ийет анан башкасыны койобу
+2
Aliyar85
2014-05-20 23:14:22
менимче бизде ганнибалдар чыга елек просто пропоганда кылганды бишкектин менттери адат кылып алышты то 24 болуптур дагы 29 болгону калыптыр деп еле
0
Aliyar85
2014-05-20 23:15:58
ошол текшергендерге иттин же ешектин етин кууруп берсин дароо ешек десе керек.
0
suyom_seni
2014-05-21 08:48:04
Заманын кургур Дунуйо!!!!!!!!!!!
0
Lumia-800
2014-05-21 09:14:59
Шектуу деп кармалган бала тууралуу кыскача жазылып калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан