Бүгүн, 19-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Түркиянын өнүктүрүү министринин орун басары Кемал Маденоглу жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Сариева аталган окуу жайдын ишине оң баа берерин билдирди. Тараптар студенттер шаарчасын куруу, илим изилдөө жана социалдык маанидеги имараттарды куруу боюнча пикир алышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Жолугушууда жакында Жогорку Кеңеш ратификациялаган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мындан аркы иши жөнүндө макулдашуу да талкууга алынганы айтылды. Эльвира Сариева өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү аталган окуу жайдын ролун белгиледи" деп айтылат билдирүүдө.