Бишкекте акыркы 4 ай ичинде 3006 кылмыш катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 647 фактыга аз. Ал эми ачылган кылмыштар 65,6 пайызды түздү. Бул 2013-жылдын алгачкы 4 айына караганда 11,3 пайызга көп.