2012-жылы Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар 47 кишинин өмүрүн алып кетти

2012-жылы Кыргызстан өзгөчө кырдаалдардан  924 миллион 900 миң сом материалдык чыгымга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы 15 миллион сомго аз зыян болгон. “Өткөн жылы өлкө боюнча 449 өзгөчө кырдаал болуп, анда 47 жаран каза болду. Алардын ичинде кар көчкүдөн - 15, ири өрт кырсыктарынан - 8, сел жүрүүдөн – 8, таш кулоодон – 1, чагылгандан – 4, кутурмадан -1, коомдук даараткананын кулоо кесепетинен – 4, шахтадан газга ууланып – 5, шахта кулоодон – 1 киши каза болду”,- деп билдирди Кубатбек Боронов. Кошумчалай кетсек, 2011-жылы 82 киши каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан