Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен биздин өлкөдө иштөөгө кызыкдар европалык инвесторлор Орусия менен Казакстандын ири рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 19-майда Өнүгүү жана кызматташуу боюнча Швейцария агенттигинин башкы директору Мартин Дахинден менен жолугушууда айтты. "Өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү иш жүргүзүүдө",- деди Оторбаев.
Швейцария менен кызматташуу тууралуу өкмөт башчы буларга токтолду:
"Туруктуу өнүгүү үчүн Швейцарияга бир нече кылымдар керектелди. Биздин өлкөлөр өтө окшош. Ийгиликке жеткирүүдөгү, идеяларды ишке ашыруудагы силердин тажрыйбаңарды колдонууга кызыкдарбыз".