Бүгүн, 19-майда КРнын Тышкы иштер министринин орун басары
Э.Оторбаев 20-майда өтүүчү "Бишкек - ислам маданиятынын борбору-2014" саамалыгына катышуу үчүн келген Билим берүү, илим жана маданият боюнча ислам уюмунун башкы директору
Абдулазиз
Аль-Тувейджри менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен жогорудагы уюм менен биргеликте иш алып баруу тармагын кеңейтүү жана кызматташтыкты бекемдөө багытын талкууга алышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.