Бишкекте 4 айда 789 жол кырсыгы катталып, 31 адам каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыктарынан жаракат алгандардын саны 962 адамды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга көп экенин көрсөтөт.
Ошондой эле 4 ай ичинде Бишкекте жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында 28 профилактикалык иш-чаралар өткөн.