Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 155 миң жаран бар экени айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү бүгүн, 19-майда “Тең мүмкүнчүлүктөр” борборунун ачылышында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын укуктары бузулуп жатканын талкуулашты.

Аталган борбордо акысыз окуулар өткөрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ишке орношуусуна жана юридикалык консультациялардан жардам берилмекчи. 

Борбордун жетекчиси Владимир Гажелдин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген 6 бүтүрүүчү жакында эле жеке чакыруу борборлорунун бирине жумушка киришти. Өлкө боюнча 155 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар экени айтылды.

“Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин квалификациясын жогорулатуу жана калыбына келтирүү менен негизинен бейөкмөт уюмдар алектенишет. Калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программа 2007-жылы аяктаган”,- дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан