Дастан Бекешев “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын укуктары жөнүндө мыйзам иштебей жатат" деди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү “Тең мүмкүнчүлүктөр” социалдык борборунун ачылышында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын мыйзамдуу укуктары бузулуп жаткандыгын талкуулашты.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин квалификациясын жогорулатуу жана калыбына келтирүү менен негизинен бейөкмөт уюмдар алектенишет, калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программа 2007-жылы аяктаган”,- дейт Дастан Бекешев.

Тең мүмкүнчүлүктөр” борбору өлкөдө саны аз болбогон майыптардын укуктарынын корголушуна байланыштуу көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн алгачкы демилге болуп саналат. Азыркы учурда “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары менен кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын жоболору бузулуп келет же кагаз жүзүндө эле калууда. Маселен, мамлекеттик да, жеке ишканалар да майыптар үчүн жумушчу орундарынан квота бөлүү ченемин сактабай келишүүдө. Ал эмес, мыйзамда социалдык кепилдиктер бар экендигине карабастан, медициналык жардамдардын көлөмү да жазылган эмес”,- деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан