УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Түндүк электр» ишканасынын үч кызмат адамына айып такты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, УКМКнын Тергөө башкармалыгы “Түндүк электр” ААКтын айрым адамдарына карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү өзүнө алуу же чыгымдоо) жана 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде төмөнкүлөргө кылмыш иши козголду:
“Түндүк электр” ишканасынын башкы директорунун орун басары Кадырбек Темиркановго, “Түндүк электрдин” коммерциялык-баланстык бөлүмүнүн башчысы Аскар Колчаевге жана “Түндүк электрдин” Сокулук району боюнча сатуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Жанболот Болоталиевге.
Ал эми УКМКнын тергөө тобу тарабынан аларды кызматынан убактылуу бошотуу токтому кабыл алынды. Тергөө иши жүрүп жатат.