Өкмөт "Кыргыз агроөндүрүш корпорациясын" жоюу тууралуу чечим кабыл алды. Муну бүгүн, 19-майда өкмөт жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн кабыл алынды. Ишкананы жоюуга анын киреше таппай, чыгашага иштеп калганы себеп болуптур.