2014-жылдын январь-апрель айларында негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү 19,7 миллиард сомду түздү. Маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,1 пайызга көп экени айтылат.
“Негизги капиталга тышкы булактардын эсебинен инвестиция салуу 2 эсеге, ички булактардын эсебинен каржылоо 17 пайызга өстү” деп айтылат маалыматта.
Каражаттын негизги бөлүгү (жалпы инвестициянын 86 пайыздан ашыгы) турак жай курууга жана кайра иштетүү тармагына жумшалганы айтылды.