Эртең "Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны" темасында парламенттик угуу өтөт

2014-жылдын 20-майында Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” темасында парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик угуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр процесси жөнүндө маалымат угулуп, өлкөнү экономикалык өнүктүрүүдө регионалдык соода интеграциясынын ролу, экономиканын тармактары боюнча регионалдык интеграциянын күтүлүүчү натыйжасы талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан