20-майда өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын секундасына ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +14°C
Талас облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +11°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +25°C, түнкүсүн +18°C
Баткен облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +15°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +11°C
Нарын облусу. Күндүз +18°C, түнкүсүн +10°C
Бишкек шаары. Күндүз +19°C, түнкүсүн +11°C
Эскертүү!
2014-жылдын 19-23-майында республиканын айрым жерлеринде, 20-22-майда КРнын көпчүлүк аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет. 20-22-май күндөрү өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы +15°С болсо, тоолуу райондордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ошондой эле түнкүсүн Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0°Сге барабар болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.