Жылдыз Жолдошова: "Эгер козголгон кылмыш иши саясий буйрук болбосо, "Ата Журт" партиясынын депутаттары сөзсүз акталат"
"Эгер козголгон кылмыш иши саясий буйрук болбосо, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соттон акталып чыгышына 100 пайыз ишенем". Бул пикирди 10-январда аталган депутаттар боюнча өткөн сот ишине катышкан депутат Жылдыз Жолдошова билдирди. Анын айтымында, эгер депутаттарга карата акыйкат чечим чыкпаса, кыргыз эли нааразычылык көрсөтөт. "Кыргыз эли ачкачылыкка, суукка чыдайт, бирок адилетсиздикке чыдай албайт. Сот туура чечим чыгарат деп ойлойм" деди депутат. Эске салсак, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аталган 3 депутат боюнча сот процесси болуп өттү.