Кыргызстандан келген делегация 19-май күнү Янцзы дарыясынын дельтасында жайгашкан Сучжоу шаарына жол алып, кытай калкынын узак тарыхын камтыган мурастары менен таанышышты. Биздин заманга чейинки 500-жылдардан бери күн кечирип келе жаткан бул шаарга Кытайдын мамлекеттик кеңеши 1998-жылы “Ири шаар” наамын берген.
Жибекке ар кандай сүрөттөрдү, саймаларды түшүрүү өнөрү делегация мүчөлөрүн таңдандырбай койгон жок. Сучжоу шаары абдан кылдаттыкты, ченемсиз сабырдуулукту талап кылган бул өнөрдүн мекени катары саналат.
Башка өлкөдөн келген конокторду бул шаар менен тааныштыруу жөн жерден чыкпаган. ЮНЕСКОнун тизмесине кирген маданий мурастардан тышкары дүйнөлүк ири 500 ишкананын 146сы дал ушул Сучжоудо иш алып барат.