Эрлан Абдылдаев: “Кытайга экспортту да өстүрүү зарыл”
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын ССТВ телеканалына маек берди. Бул маек Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайга мамлекеттик иш сапарынын алкагында ишке ашты.
Андан соң Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандан барган журналисттердин суроолоруна да жооп берди. Сөз негизинен кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларация тууралуу болуп, министр мырза айрым маалыматтар менен бөлүштү. Алсак, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү 2013-жылы Кыргызстандын санагы боюнча 1 миллиард 488,6 миллион долларды түзсө, ушул эле иштер Кытайдагы санак боюнча 5 миллиард 138 миллион долларды түзгөн. Мындай дал келбестиктерди жоюу боюнча да иштер жүргүзүлөрү айтылды. “Кыргыз-кытай соода көрсөткүчүндө дисбаланс бар. Мисалы, ошол 1,5 миллиард доллардын 95 пайызга жакыны импортко, калганы экспортко туура келет. Кечээги жолугушууда бул тууралуу да сөз болду. Кытай тараптын биздеги мал чарбачылыгына кызыгуусу жогору. Ушул сырьёлорду алар бизден сатып алууга кызыкдар. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматташуу меморандуму ушул максатты көздөйт”,- деп билдирди Абдылдаев.