Кытай лидери: "Азиядагы маселени Азия өлкөлөрү өздөрү чечиши керек"    

"Си Цзиньпин кечээ абдан таамай сөз айтты. Ал “Азиядагы маселени Азия өлкөлөрү өздөрү чечиши керек” деди. Азия аймагында чечилбей жаткан маселелер көп. Бирок кандай иштер болбосун, кандай маселелер болбосун, баары сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек. 21-майда өтүүчү Азияда чара көрүү багытында биргеликте иш алып баруу жана ишеним көрсөтүү кеңешмесинин саммитинде Алмазбек Атамбаевдин сүйлөй турган сөзүнүн негизги өзөгүн да ушул ой түзөт”,- деп билдирди Шанхайда кыргызстандык журналисттерге берген маегинде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

Министр мырза мамлекеттик иш сапардагы сүйлөшүүлөрдө “Манас” Эл аралык аба майданы тууралуу да сөз козголгонун айтты. “Кытай лидери Си Цзиньпин 2-3 ири авиакомпания “Манаска” келүүгө кызыгып жатышканын билдирди” дейт Эрлан Абдылдаев.

Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларациясынын негизинде аба каттамдарын, авиаташууларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу эки тараптын тиешелүү мекемелерине тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан