Кыргызстан Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуу жөнүндөгү келишимге кол койду

Нью-Йорк шаарында АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция, Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуу жөнүндөгү келишимге карата коопсуздук кепилдиктерин берүүнү караган протоколго кол коюушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы 19-майда билдирди. 
Бул протоколго ылайык, өзөктүк куралга ээ болгон беш мамлекет өзүлөрүнө Борбор Азия өлкөлөрүнүн - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өзөктүк куралга каршы статусун урматтоо, жана ошондой эле аларга карата мындай курал колдонуп же коркутпоо боюнча юридикалык жактан милдеттендирилген жоопкерчилик кепилдигин мойнуна алышты. Өзөктүк куралга ээ болгон мамлекеттердин бул кепилдиктери өзөктүк куралга ээ болгон беш мамлекет тарабынан протоколду ратификациялагандан кийин өз күчүнө кирет да, ошону менен өзөктүк куралдан эркин аймакты эл аралык укуктук жактан тариздөөсүн жыйынтыктайт.

Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуу жөнүндөгү келишимге 2006-жылдын 9-сентябрында Семипалатинск шаарында кол коюлган жана аймактын өлкөлөрүнө караган бул келишим 2009-жылдын 21-мартында өз күчүнө кирген. 

Кыргыз Республикасы Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуунун бирден-бир демилгечиси болуп эсептелет жана бул келишимдин депозитарийи (документтин асыл нускасын сактоочу мамлекет) болуп дайындалды. Бул дайындоо Кыргыз Республикасынын өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуудагы маанилүү ролун тастыктоо жана таануу менен Кыргыз Республикасына дүйнөлүк державалар тарабынан болгон чоң ишенимдин күбөсү болуп эсептелет. БУУнун куралсыздандыруу маселелери боюнча өкүлү Ангела Кейн Кыргыз Республикасына келишимдин депозитарийи катары жасаган активдүү иш-аракеттерине ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан