Бүгүн, 20-майда саат 01:58 чамасында Чүй районундагы Искра айылында №2-үйдө өрт кырсыгы катталды. Өрттүн кесепетинен 480 чарчы метр жыгач устундуу, шифер менен жабылган, жыгачтан курулган 2 кабаттуу үй толугу менен күйгөн.
"Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМнын №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3-бөлүм, №24-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1-бөлүм жана №5-өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1-бөлүм тартылып, өрт саат 04:30да чектелген",- деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Азыркы убакта өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 64 адам эвакуацияланып, 1929-жылы туулган К.Титникова өрттөн куткарылып калган. 3 үй-бүлө күйүп кеткен үйгө жакын жердеги №61-лицейдин имаратына, калган 13 үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.