Ирактагы шайлоодо өлкө премьери Аль-Маликинин блогу жеңишке жетти

Иракта парламентти шайлоодо өлкөнүн азыркы премьер-министри Аль-Малики жетектеген “Мыйзамдуу мамлекет” оңчул коалициясы жеңишке жетти. Муну көз карандысыз жогорку шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-майда чет элдик ММКларга билдирди.

Маалыматка таянсак, “Мыйзамдуу мамлекет” блогу парламенттеги 328 орундун 92 мандатына ээлик кылуу менен атаандаш партияларын бир кыйла артта калтырды. Алар 19 мандаттан 29 мандатка чейин ээлик кыла алышат. Шайлоого жалпы 107 партия ат салышкан. Шайлоо 30-апрелде өткөрүлгөн. Ал эми анын толук жыйынтыгы 25-майда чыгарылат.

Эске салсак, бул 2011-жылы Ирактан америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийинки биринчи парламенттик шайлоо.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан