30-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катардагы жоокери, 2010-жылдын каргашалуу Июнь окуясында жабыркаган Жусупбек Акпарали уулуна арналган марафон өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда ӨКМнын өкүлү Асан Абдрахманов билдирди.
Ал 2010-жылдын 11-июнунда Нариман айылында орун алган өзгөчө кырдаалды көзөмөлдөп турган. Түштүк борборун белгисиз 700дөй куралчан адамдар басып алып, талап-тоноп кетишкен. Куралсыз турган күзөттөгү жоокерлерди аёосуз ур-токмокко алып, мергенчилик мылтыктарынан ок чыгарышкан.
Натыйжада Жусупбектин өпкөсүнө, жүлүнүнө ок тийип, баш сөөгүнөн жаракат алып, оор абалда, эс-учун билбей 1 жылдан ашуун ооруканадан ооруканага жатып дарыланып, жыйынтыгында 1-топтогу майыптык чегерилген. Азыркы мезгилде Акпарали уулу Жусупбек өз алдынча баса албай калган.