Бишкекте "ишканалардын биринен кайчы менен коркутуп 36 жаштагы адамды тоногон" деген шек менен 2 жаран кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 20-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Д.Д. аттуу жаранды өзү иштеген ишкананын аймагынан белгисиз эки адам кайчы менен коркутуп, 5200 сом акчасын тартып алышкан. Кылмышкерлерди табуу үчүн жүргүзүлгөн аракеттин натыйжасында шектүү катары Бишкек шаарынын жашоочулары болгон Мирлан жана Токтобек аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.