Бажы биримдигине кирбей койгондогу кыйынчылыктар биримдикке кирүүдө боло турган кыйынчылыктарды басып өтүүдө. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда экономика министри Темир Сариев билдирди. Министр “Дордой” базарындагы абалды мисал келтирди. “Буга чейин бул базарда иштегендер “соода азайып калды” деп келишсе, учурда “соода токтоп калды” дешүүдө. Мурда күнүнө базарга 150-200 унаа кирсе, азыр 50 гана унаа кирүүдө. Бул темпте кете берсек, күнүнө 10 унаа кирип калышы мүмкүн. Мурда биримдикке кирсек эмне кыйынчылыкка туш болобуз десек, азыр кирбесек эмне болот деп жатабыз. Кирбесек кичи жана орто бизнесте абалдын начарлашы күтүлөт. Бажы төлөмдөрү азайып, бюджеттик тартыштык жаралышы мүмкүн. Товарларды экспорттоо кыскарат, айрым товарларды экспорттоого таптакыр мүмкүн болбой калат”,- деди Сариев.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.