Чүй ОИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан 46 жаштагы Токмок шаарынын тургуну "сойкулук кылууну уюштурган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 46 жаштагы айым 5 жылдан бери Токмок шаарындагы сауналардын биринде интимдик кызмат көрсөтүү боюнча уюк иштетип келе жаткан. Ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн маалда аталган жерде жеңил мүнөздөгү кыздар болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кыздарга атайын протоколдор түзүлүп, бул уюкту уюштурган айымга “сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.