“Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө азык-түлүк жана дары кымбаттабайт” деди Темир Сариев

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө дары-дармек жана азык-түлүктүн баалары кымбаттабашы керек. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда экономика министри Темир Сариев билдирди. Министр азык-түлүк менен дарылардын басымдуу бөлүгү Орусия жана Казакстандан келерин белгиледи. “Биз сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, биримдикке киргенден кийин азык-түлүк жана дарылар кымбаттабашы кажет. Бирок алыскы өлкөлөрдөн алынып келинген буюмдардын баалары кымбаттайт, Кытайдан импорт кыскарат”,- деди Сариев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан