Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан өз алдынчалыгын жоготот деген туура эмес. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, коомчулукта ар кандай туура эмес божомолдор айтылууда.
“Жол картасын бекитүү Бажы биримдигине кирүүнү билдирбейт. Болгону мыйзамдык базаны иретке салуу аракети, биримдикке кирүүдөгү алгачкы кадам. Муну кээ бир күчтөр саясатка аралаштырып жатышат. Бул экономикалык маселе. Элди багып жаткан ишкер адамдарга түздөн-түз тиешеси болот. “Бажы биримдигине кирсек, бирөөнүн башкаруусуна өтөбүз, өз алдынчалыгыбызды жоготобуз” деген туура эмес. Биримдикке кирүү негизинен импорт маселесин гана иретке салат, экспорт - мамлекеттин өз иши”,- дейт министр.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.