Аида Салянова: "Мамлекеттик кызматтагы адамдардын сейил бактарда жер тилкелерине ээ болгон фактыларын укук коргоо органдарына жөнөтүү керек"

Мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын социалдык объектилердин аймактарында, өзгөчө сейил бактарда жер тилкелерине ээлик кылган фактыларына укуктук баа берүү шарт”,- деп билдирди бүгүн, 20-майда башкы прокурор Аида Салянова. Муну укук коргоо органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы иш-аракеттери тууралуу кезектеги Координациялык кеңешменин жыйынында айтты. 

Жер боюнча маселе Координациялык кеңешменин отурумуна экинчи ирет киргизилип жатат. Тилекке каршы, олуттуу натыйжа жок”,- деди Аида Салянова.

Башкы прокурор мыйзамдарга ылайык, коррупция менен же болбосо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган адамдарга эскирүү мөөнөтү алынып салынганын эске салуу менен, бардык чечимдер үчүн жетекчилер жоопкер экенин айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан