Эл өкүлдөрү Ташиев, Мамытов жана Жапаровдун соту токтотулду

Депутат Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот процесси токтотулду. Сот залынан депутаттарды чыгарып кетти, сот мөөнөтү азырынча белгисиз. Эске салсак, Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов бүгүн, 10-январда Биринчи Май райондук сот залында өтүп жаткан "ата журтчу" депутаттардын сот процессинде сот ишине төрагалык кылып жаткан судья Абдыразак Боромбаевге жана соттук курамга ишенбей турганын билдирип, ишти башка сот карашын талап кылган. Ал судья Абдыразак Боромбаев депутаттарга мыйзамсыз кылмыш иши козголгондугу жактоочулардын арызын канааттандырган эмес жана бул судья объективдүү эмес экендигин айткан. Жактоочунун мындай пикирин айыпталып жаткан башка депутаттардын жактоочулары да колдоого алышып, ишти башка соттук курам кароону талап кылышкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан