Луи ван Гал англиялык “Манчестер Юнайтед” менен 3 жылга келишим түздү

Голландия курама командасынын учурдагы башкы машыктыруучусу Луи ван Гал англиялык “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт. Дэвид Мойести кызматынан бошоткон клуб менен 62 жаштагы адис 3 жылга келишим түздү.

Кошумчалай кетсек, быйыл Англия Премьер-лигасында Манчестер шаарынан чыккан клуб 7-орунду ээледи. Луи ван Гал Голландия курама командасын футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жетектеп барып келген соң, клубда өз ишин баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан