Жоомарт Оторбаев Бажы биримдиги боюнча: “Келечекти ойлосок, принципиалдуу чечим кабыл алышыбыз керек”

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинде өкмөт парламенттин жана коомчулуктун колдоосуна муктаж. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, өкмөт аталган биримдикке кирүү боюнча өз чечимин кабыл алды.

“Жол картасы боюнча өкмөт өз чечимин кабыл алды. Келечекти ойлосок, принципиалдуу чечим кабыл алышыбыз керек. Негизги принцип мындай: Экономикабызды ачык кылабызбы же жабабызбы? Өкмөт ачык экономиканы куруу керек деген пикирде. Бүгүнкү күндө экспорт менен импорттун басымдуу бөлүгү Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө туура келүүдө. Бизге парламенттин, коомчулуктун колдоосу керек”,- деди Оторбаев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан