Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен 170 миллион калкы бар ири рынокко жол ачылып жатат. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда экономика министри Темир Сариев билдирди. Министр өлкөнүн экспорту боюнча Казакстанды мисал келтирди. “Кыргызстандагы сүт азыктарынын 80 пайызы, малдын 70 пайызы, айнектин 52 пайызы Казакстанга экспорттолот”,- деди министр.
Сариев күйүүчү майлардын 100 пайызга жакыны Орусиядан келип жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.