Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан 116 объект бар. Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 20-майда коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Координациялык кеңешинин жыйынында айтты.
Анын айтымында, шаар боюнча 870 объект курулууда, анын ичинен 104ү көп кабаттуу үйлөр. “Тыюу салынган жерлерге салынып жаткан мыйзамсыз курулган үйлөр тууралуу административдик өндүрүш жүргүзүлүп, мыйзам бузууну жоюу талабы менен айып пул салынган”,- деди башкы прокурор.