Улукбек Кочкоров Бажы биримдигине кирүү боюнча өкмөт кенен маалымат бербегенин айтты

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча өкмөт кенен жана жеткиликтүү маалымат бербей жатат. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда депутат Улукбек Кочкоров билдирди. Айтымында, бул боюнча ишкерлер чөйрөсүндө көп суроо жаралып жатат. “Ишкерлер менен кенен талкуу жүргүздүк дедиңер эле. Бирок тармактар боюнча конкреттүү нерсе айтылбай жатат. “Бул тармак мунун эсебинен оңолот, бул тармак мындай себептерден улам жоголот” деген маалыматтар айтылбай жатат. Ошондуктан ишкерлер чөйрөсүндө суроолор көп жаралып жатат. Муну бүгүн ушул жерден ачык талкуулап алалы”,- деди депутат.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан