Равшан Жээнбеков өкмөт өкүлдөрүнө: “Кыргызгаз” сатылып жатканда “газ тынымсыз берилет” дедиңер эле, бүгүн “Кыргызгаз” же газ барбы?”  

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков өлкө түштүгүнүн газсыз калышы боюнча өкмөт өкүлдөрүн сынга алды. Муну депутат бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. “Жарым жыл мурун “Кыргызгаз” сатылып жатканда “үзгүлтүксүз газ берилет, май көл-сүт көл, жыргал жашоо болот” дедиңер эле. Суроо: Бүгүн Ошто газ барбы? “Кыргызгаз” барбы?”- деди депутат.

Жээнбеков Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы экенин билдирип, баяндама жасады.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан