Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын мурдагы жетекчиси Керим Тураповго козголгон кылмыш иши токтоп турат. Бул тууралуу кечээ, 20-майда укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы иш-аракеттери жөнүндө кезектеги Координациялык кеңешмесинин жыйынында айтылды.
Прокуратуранын берген маалыматына караганда, Керим Тураповго козголгон кылмыш иши дайындалган комиссиянын соттук-курулуштук экспертизасы даяр болбогондугуна байланыштуу токтотулган.
2007-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин Кыргызстанда өткөрүүгө байланыштуу февраль айынын башында КРнын Маданият министрлигинин эсебинен Улуттук филармонияны оңдоп-түзөө иштерине деп 42 миллион 800 миң сом которулган. Иликтөөнүн жүрүшүндө курулуш иштери жогорулатылган баада курулганы ачыкталган. Ал эми чындыгында оңдоо иштери 4 миллион 416 162 сомго аткарылган.
Көрсөтүлгөн факты боюнча 2013-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы менен ага карата кылмыш иши козголгон.
Ал эми бул иш боюнча келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн соттук-курулуш экспертизасынан турган комиссия түзүлүп, текшерүүнү өткөрүү милдети КРнын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик соттук экспертиза борборуна жүктөлгөн.
Башкы прокуратуранын көзөмөл органы тарабынан айтылгандай, экспертиза тобунун даярдыгынын жоктугуна байланыштуу Тураповго карата кылмыш иши токтоп турат. Ошондой эле бул факты боюнча азырынча эч кимге айып тагылган эмес.