Баткенде Исфайрам–Тактек каналынын курулушу башталат

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын шайлоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайты маалымдады.

Иш сапарында Т.Зулпукаров 30 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуучу Исфайрам – Тактек каналынын курулушунун башталышына да катышты. Маалыматка ылайык, канал курулушунун бүтүшү менен Ноокат районунун Он-Эки-Бел, Төөлөс, Ынтымак айыл округдары, Араван районунун Төө-Моюн айылдык округу, Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылы жана Кадамжай районунан Майдан, Үч-Коргон айылдык округдарына караштуу 30 миң гектар жер суу менен камсыз болору күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган аймактардагы жергиликтүү тургундар өткөн жылы Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына бул каналдын курулушунун зарылдыгын белгилеп, кат менен кайрылышкан. Эл өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин долбоорун кароодо шайлоочулардын кайрылууларын эске алышкан. Натыйжада аталган каналдын курулушуна 5 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан