Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине таптакыр каршы. Муну депутат бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Жээнбеков Кыргызстан менен Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн салыштырды. “Орусияда орточо айлык 1000 доллар, Казакстанда 700 доллар, Беларуста 600 доллар, Кыргызстанда 190 доллар. Анан кантип аларга атаандашабыз? Бизде айлыктын деңгээлин аталган өлкөлөргө теңей алабызбы? Жок, бюджетте чоң тешик турат”,- дейт депутат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.