“Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен мигранттардын көйгөйү чечилбейт” деди депутат Жээнбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча экономика министри Темир Сариев айткан маалыматтардын баарын четке какты. Муну депутат бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. “Тобокелчиликтер жогору. Темир Сариев Бажы биримдигине кирүүнүн артыкчылыктары катары бажы документтеринин жана бажы төлөмдөрүнүн азайышын айтты. Бул тескерисинче болот. Ишкерлердин шарты оңолот деди. Жок, тескерисинче, талкаланат. Анткени Орусия менен Кыргызстандын орто бизнестин өнүгүшүнө бөлгөн каражаттарын салыштырып болбойт. Сариев мигранттардын маселеси чечилет деди. Андай эмес экени, мигранттардын көйгөйүн бул биримдикке байлоо мүмкүн эмес экени жакында айтылды”,- деди депутат. 

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан