Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча китепче чыгарып элге таратуу сунушталды  

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча атайын китепче чыгарып элге таратуу сунушталды. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда депутат Мирлан Бакиров билдирди. Депутат өлкөнүн аталган биримдикке киришин колдойт. 

“Албетте, алгачкы 4-5 жыл оор болушу мүмкүн. Бирок биз айыл чарба тармагы боюнча өз алдынча иш кылабызбы же өмүр бою соода-сатык менен алектенип жүрө беребизби? Түштүк аймагында иш сапар менен болдум. Алардын көпчүлүгү кооптонуп жатышат. Өзбекстан менен Тажикстан чек арасын жаап койсо эмне кылабыз дешүүдө. Эмне, буга чейин чек араны жаппай жүрүштү беле? Ансыз деле аларга көз каранды болуп келгенбиз. Бажы биримдигине кирүү боюнча китепче чыгарып, ар бир үйгө таратып чыгалы”,- деди Бакиров.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан