Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө азык-түлүк, кийимдин баалары 40 пайызга кымбаттайт. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Айтымында, автоунаалардын баалары мындан да жогору болушу күтүлөт. “Бардык тармакта баалар кескин өсөт. Жакында бир эксперт “Бажы биримдиги - келечек эмес, өткөн заман” деп билдирди. Темир Сариев “биримдикке кирүүдөн башка жолубуз жок” деп жатат. Андай эмес, жолубуз бар. Биздин маселебизди радикалдуу реформалар гана чечет. Биз көп тармактуу мамиле кылышыбыз керек”,- деди депутат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.