Таластык дыйкандар 35 миң тонна төө буурчакты экспорттошту

Таластык дыйкан-фермерлер 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 10-январына чейин 35, 919 миң тонна төө буурчакты чет өлкөгө экспорттошту. Бул тууралуу Талас облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн айыл чарба секторунун башчысы Абай Шатманов билдирди. Анын маалыматына ылайык, облуста төө буурчакты экспорттоо боюнча 54 жеке фирма жана өндүрүшчүлөр бар. Кыргызстандын төө буурчагынын негизги кардары Түркия өлкөсү эсептелет. Мындан сырткары Таласта өстүрүлгөн төө буурчакты Болгария, Сербия, Македония, Грузия жана Ирак мамлекеттери сатып алат. Талас облусу боюнча өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз катчысы белгилегендей, 2012-жылы төө буурчак 45 431 гектар аянтка айдалып, 81 450 тонна түшүм өндүрүлгөн. Учурда 1 килограмм төө буурчактын баасы сортуна жараша 55-58 сомдон сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан