Тоо-кен өндүрүшү жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев саясатчыларды ынтымакка чакырды. Ал мындай пикирин бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине сөзсүз жана тез арада кириши керек. “Акыркы убакта маселени саясатташтырып жиберүү өнөкөт болуп калды. Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши - интеграцияны жана ынтымакты бекемдөө. Биримдикке кирүүдөгү каталарды чогуу оңдойлу. Билесиңер, тоо-кен өнөр жайында абал оор. Биримдикке кирсек, өсүшкө мүмкүнчүлүк алабыз. Толук ишенебиз, орусиялыктар менен кызматташабыз. Баарыңарды ынтымакка чакырам, биримдикке сөзсүз жана тездеп киришибиз керек. Мындан пайдадан башка зыяны болбойт”,- деди Дүйшеев.
Жыйында депутат Равшан Жээнбеков "Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор - өлкөнү келечекке эмес, артка сүйрөгөндөр" деп ачуу сындарды айткан эле.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.