Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө айлыктар көтөрүлөт. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Өкмөт башчы айлыктардын эмне үчүн көтөрүлөрүн төмөнкүчө түшүндүрдү: “Кыргызстанда эмне үчүн айлык аз? Анткени бюджеттин абалы начар. Бюджет эмне үчүн начар? Себеби инвестиция тартуу тармагы начар. Бажы биримдигине кирсек, өлкөгө келген инвестициянын көлөмү өсөт. Жаңы иш орундары пайда болуп, салык көп чогула баштайт. Мунун эсебинен айлыктар, пенсиялар жогорулайт”.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.