Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 19-майдагы жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Кожобек Рыспаев. Маалыматка ылайык, Жер кодексинин 7-беренеси боюнча, чет өлкөлүк жактар убактылуу пайдалануу укугунда гана жер тилкелерин менчик катары пайдалана алышат. Мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде карызды өндүрүп алууну жер тилкесине койгондо чет өлкөлүк банктарга жана адистешкен финансы-насыялык мекемелерге менчик укугу өткөрүлүп берилген жер тилкелери белгиленген мөөнөттө менчиктен чыгарылууга жата тургандыгын тастыктоо сунушталып жатат.
Ошону менен бирге жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөө каралган. Азыркы мыйзамдарда көрсөтүлгөн 49 жылдык мөөнөт кыйла эле узак болуп саналат. Мамлекет үчүн жер аянттары өзгөчө маани-маңызга ээ болуп тургандыгын эсепке алганда КРнын жарандарына да, чет өлкөлүк жактарга да жерди убактылуу пайдалануудагы 49 жылдык мөөнөттү 10 жылга түшүрүү каралууда. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды. Айтылган сын-пикирлерди демилгечи 2 окууга чейин караштырмай болду.