«Өнүгүү» депутаттык тобунун депутаты Тынчтык Шайназаров Өзбекстан тарабынан Кыргызстандын түштүк аймагына жаратылыш газын берүүнүн токтотулушу тууралуу комментарий берип жатып "Ошто газдын жок болушу социалдык жарылууга алып келиши ыктымал" деп билдирди.
Анын айтымында, эл тамак жасоо, суу кайнатуу үчүн электр приборлорун пайдаланууга аргасыз, бул сөзсүз түрдө электр энергиясын өтө көп пайдаланууга алып келет. Демек, ага ылайык электр түйүндөрү үчүн дагы басым пайда болот.
«Кыргызстанда энергетикалык кубаттуулуктар СССР доорунан тартып эч жаңыртылган эмес, жабдуулардын эскилиги жеткен. Укмуштуудай чыңалуулардан улам ири авария болуп кетиши мүмкүн болгон күн деле алыс эмес. Азыркы күндө түштүк жашоочуларынын болгон тиричилиги электр энергиясы менен байланыштуу болууда. А эгерде газдын артынан свет дагы өчүп кала турган болсо эмне болот? Элди айласы кеткен абалга алып келүүгө болбойт, газдын жоктугу Оштогу социалдык абалдын чыңалышына алып келет»,- деди Тынчтык Шайназаров.
Депутат Ош облусунун жашоочуларынан ага күн сайын ондогон кайрылуулар келип жаткандыгын белгилеп, аларда эл кыйын абалдарына даттанып, кырдаалга таасир этүүнү өтүнүп жатканын айтты.
«Тартипке келтирүү зарыл, биз дайыма кесепеттерге каршы күрөшөбүз, бизде анткени чаралардын алдын алуу системи иштелип чыккан эмес. Ушунун баары социалдык жарылууга алып келиши ыктымал. Массалык канааттанбоону башкарууга мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошондуктан чукул арада газды берүүнү жандандыруу зарыл, "Өзбектрансгаз" менен контракт түзө турган “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл»,- деди эл депутаты.
Өзбекстан 14-апрелден тартып Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. «Кыргызгаз» ишканасы 10-апрелден тартып расмий түрдө орусиялык «Газпром» компаниясынын менчигине өткөн.